Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13 млрд куб метрге жетти

Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 13 миллиард куб метрге жетти.

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 706 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 411 куб метрге жетүүдө.

Белгилеп кетсек, былтыр ушул маалда өлкөнүн башкы резервуарында 11 миллиард 817 миллион куб метр суу бар болчу.

Суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.