Бишкектин түштүк кичи райондорунда электр жарыгы калыбына келтирилди

Бишкектин түштүк кичи райондорунда электр жарыгын берүү толугу менен калыбына келтирилди.

Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.

Электр энергиясынын өчүрүлүшү кабелдин үзүлүшүнө байланыштуу болгон.

Тактап айтканда, кечээ, 4, 6, 7, 8, 9, 10-кичи райондордо жана Асанбай кичи райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.