Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга “Электр станциялардын” директорунун орун басары Таалайбек Бектенов ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү 15 миллиард 56 миллион кубометрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, 2 миллиардга аз.

 

Буга карабай, энергетиктер электр энергиясынын өчүрүлүшүн алдын алуу үчүн көптөгөн иштерди аткарууда. Андан тышкары, Казакстан менен 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим жетишилди.