Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилет.
Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, аталган тарифке каалаган жарандар туташа алат.
“Тарифтин наркы 1 киловатт – 5 сом 4 тыйынды түзөт.
Эгер абонент электр энергия аз берилип жатат десе, “чексиз” тарифине кошула алат”, — деди министр.
Бекмурзаев ошондой эле электр энергиясына тарифти кайра карап чыгуу керектигин да кошумчалады.