Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикасы ачылат

Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикасы ачылат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ишкана электр техникалык оюнчук жана килем комбинатынын өндүрүш заводунун базасында түптөлөт.

Долбоор инвестор тарабынан ишке ашырылат жана инвестициянын көлөмү болжол менен 25 миллион долларды түзөт.