Жалал-Абад облусунда үч кичи ГЭС курулат

Жалал-Абад облусунда үч кичи ГЭС курулат. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, ГЭСтер 24, 6, 7 жана 13,3 мегаватт кубаттуулукта болот.

 

Объектилердин курулушун жеке ишкер каржылайт. Жалпы суммасы болжол менен 45 миллион доллардан ашат. Жергиликтүү бийликтен белгилешкендей, курулуш жазында башталып, жыл аягына чейин бир ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.