Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, 2 миллиард кубка аз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, 2 миллиард кубка аз. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин гидрометеорологдор суунун аз келүү мезгили башталганын билдиришкен.

 

Учурга карата башкы резервуарда 16 миллиард куб метр суу бар. Анын ортосунда Назаров белгилегендей, өлкөдө электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Анткени, нымдуулук жетпей калса, энергия коңшу мамлекеттерден сатылып алынат. Буга жол бере турган келишимдер жетишилген.