Коронавирус боюнча жакында алгоритмдер өзгөртүлүп, ПЦР-тест алуу токтотулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентте билдирди.
Анын айтымында, бейтап сасык тумоолоп, жөтөлүп же дене табы көтөрүлсө, ПРЦ-тест жасоонун кажети жок, аны автоматтык түрдө коронавирус жуктурду деп эсептесе болот.
Чиновник кошумчалагандай, ушул жумада Республикалык штабда мурдагы алгоритм боюнча буйруктар өзгөртүлөт.