Кыргызстан 118 миң адамды эмдөө үчүн россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алат

Кыргызстан 118 миң адамды эмдөө үчүн россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдирди.

 

Анын айтымында, бул максатта 215 миллион сом бөлүнөт. Учурда препаратты сатып алуу боюнча долбоор даярдалып жатат. Күтүлгөндөй, россиялык вакцина өлкөгө ушул айда жеткирилет. Ал эми жайга чейин буга чейин убадаланган 500 миң доза гуманитардык жардам катары келет.