Бишкекте стационарлар текшериле баштады

Бишкекте стационарлар текшериле баштады.

Мэриядан билдиришкендей, коронавирустун экинчи толкунунун башталуу коркунучуна байланыштуу

күндүзгү стационарлардын даярдыгы көзөмөлгө алынууда. Эске салсак, жайында вируска кабылгандардын саны

кескин түрдө көбөйгөндүктөн, ордо калаада күндүзгү жана түнкү убактылуу стационарлар ачылган.

Ооругандардын саны азайгандан кийин алар ишин токтоткон. Өкмөттүн маалыматына ылайык,

сентябрдын аягында калк массалык түрдө вируска кабыла баштайт деген божомолдор бар.

Буга жарандар санитардык жана гигиеналык нормаларды сактабай жатканы себеп.