Нарын облустук бириктирилген ооруканасында алгачкы ирет компьютердик
томографиянын имараты пайда болот. Объекти жакынкы аралыкта пайдаланууга
берилет, — деди өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев.
Курулуш иштерине 2 миллион 300 миң сом багытталат. Каражат демөөрчүлөр
тарабынан берилди. Белгилеп кетсек, буга чейин Нарында томографиялык
аппараттын жоктугунан бейтаптар Бишкекке чейин каттоого аргасыз болушкан.