Кыргызстанда энергетикалык компанияларды бириктирүү боюнча процедура аягына чыгып калды

Кыргызстанда энергетикалык компанияларды бириктирүү боюнча процедура аягына чыгып калды. Улуттук энергохолдингден билдиришкендей, бөлүштүрүүчү компаниялардын бир бөлүгү “Улуттук электр тармактарына” кошулса, “Бишкек жылуулук тармактары “Электр станцияларга” бириктирилет.

 

Андан кийин административдик чыгашаларды кыскартуу жолу менен энерго компаниялардын чыгымдары оптимизацияланат.

 

Үнөмдөлгөн каражат электр жабдууларды оңдоого жана жаңылоого, ошондой эле энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталат.