Улуттук банктын валюта рыногуна кийлигишүү аракети натыйжа берген жок. Кыргызстанда доллар кескин арзандоосун улантууда. Жарым күндө эле ал дагы 2 сомго арзандады.
Учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 79 сом 50 тыйынга сатып алып, кайра 81 сом 50 тыйынга сатышууда.
Белгилеп кетсек, Улуттук банк 4 жылдан бери алгачкы жолу долларды сатып алуу боюнча интервенция өткөрдү. Буга өлкөдө аталган валютанын кескин арзандап жатканы себеп.