Кыргызстан туристтик сезонго карата Казакстан чек арасын ачат деп ишенүүдө

Кыргызстан туристтик сезонго карата Казакстан чек арасын ачат деп ишенүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

 

Анын айтымында, коңшу мамлекетке чек ара түйүндөрүн ачуу боюнча бир нече жолу сунуш жөнөтүлгөн. Казак тарап жүйөө катары пандемия чараларын келтирүүдө. Бирок учурда бул суроо боюнча сүйлөшүүлөр өкмөт аралык деңгээлде жүрүп, жакынкы арада оң жыйынтык чыгышы күтүлүп жатат, — деди Кенжематова.