Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө республика боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 62 сом 1 тыйынды, дизель майы 70 сом 6 тыйынды түзүүдө.
Учурда өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар, бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө, — деп айтылат маалыматта.