Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүдө. Мекеменин жетекчисинин орун басары Жибек Абдуллаеванын айтымында, программалардын жалпы баасы 2 миллиард доллардан ашат.

 

Долбоорлор арасында Чүй облусунда соода-логистикалык борбордун курулушу, Бишкек шаарында жана Чүйдө көп функционалдуу комплекстер, “Жунда” заводун модернизациялоо долбоорлору, күн станцияларын, кичи ГЭСтерди жана логистикалык паркты куруу иштери бар.