Коммерциялык банктар ипотекалык насыяларды мамлекеттин кепилдиги менен берет

Коммерциялык банктар ипотекалык насыяларды мамлекеттин кепилдиги менен берет.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар алгачкы төлөмдөн кыйналса, Кепилдик фондуна жардам сурап кайрылса болот.

Кошумчаласак баштапкы төгүмдөрдүн суммасы бүгүнкү күндө бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн 10 пайызды, калган жарандар үчүн 30 пайызды түзөт.