Жалал-Абадда 800дөй үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүү эскертилди

Жалал-Абадда 800дөй үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Белгиленгендей, кооптуу аймактан мамлекет тараптан жер тилкелерин жана жөлөк пул алган үй-бүлөлөр тез арада көчүүсү керектиги айтылды. Бул иш ар бир айыл аймак башчылары, шаар мэрлери жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

 

Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча 1 миң 67 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет.