Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларда пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн Экономика министрлигинин уруксатын күтүп жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларда пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн Экономика министрлигинин уруксатын күтүп жатат. Бул тууралуу Санэпидем көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.

 

Анын айтымында, текшерүүлөр бир гана кафелерде эмес, тамак-аш өндүрүү түйүндөрүндө, дүкөн жана супермаркеттерде жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, буга чейин коомдук тамактануу жайларды текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Чечим Бишкек жана Чүй облусунда тамак-ашка массалык уулануу катталгандан кийин кабыл алынды.