Кыргызстанда коронавирустун бешинчи толкуну июнь-июль айларында күтүлөт.
Бирок ал жеңил өтөт, — деп билдирди Ооруларды алдын алуу департаментинин адиси Султан Суранбаев билдирди.
Ал эске салгандай, өлкөдө апрелдин башында вирус басаңдап, 1-майга карата дээрлик жаңы учурлар катталбай калды. Ооруканаларда COVID-19дан дарыланган бейтаптар жок. Учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бирок жайында жаңы толкун болот, андыктан, жарандар иммунитетти бекемдер, вакцина алуу сунушталат, — деди Суранбаев.