Кыргызстанда 15 жаштан жогорку өспүрүмдөр дагы коронавируска каршы вакцина алып баштайт

Кыргызстанда 15 жаштан жогорку өспүрүмдөр дагы коронавируска каршы вакцина алып баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады.

 

Анын айтымында, учурда республикалык штаб бул маселени изилдеп жатат, акыркы чечим декабрда чыгарылат. Өспүрүмдөр өз эрки менен эмделет, — деп белгиледи чиновник.

 

Эске салсак, Кыргызстанда массалык эмдөө кампаниясы 29-мартта башталып, 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар вакцина алып жатат. Учурга карата 1 миллиондон ашык жаран эмделди.