Шри-Ланкада бензин түгөндү

Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викрамасингхе элге кайрылуусунда өлкөдө бир күнгө гана жете турган бензин калганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Ошол эле учурда Викрамасингхе белгилегендей, бир күн мурда келген дизелдик отундун партиясынан улам дизель майынын тартыштыгы боюнча маселе жарым-жартылай чечилген.

 

Анын айтымында, Индия берген кредит боюнча дизель майынын дагы эки партиясы өлкөгө 18-майда жана 1-июнда келиши керек. Ошондой эле 18 жана 29-майда бензиндин партиясы өлкөгө келиши күтүлүүдө.

 

Викрамасингхе ошондой эле учурда өлкөдө электр энергиясынын төрттөн бир бөлүгү мунайдын эсебинен өндүрүлгөндүктөн электр энергиясынын күнүмдүк өчүрүлүшү суткасына 15 саатка чейин көбөйүшү мүмкүн экенин белгилеген.

Эске салсак, Ранил Викрамасингхе өлкөдөгү курч экономикалык жана саясий кризистен улам 13-майда премьер-министрликке дайындалган.

Буга чейин Шри-Ланкада бир нече апта бою өлкөдөгү эң оор экономикалык кризистен улам премьер-министр менен президенттин кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар өткөн. Көп өтпөй тынч демонстрациялар кагылышууларга айланган.