Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө суроосу кайра каралат

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө суроосу Саламаттыкты сактоо министрлигинде кайра каралат.

 

Ведомство өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, азыркы тапта расмий тизмеде 40 кызматкер бар.

 

Ар бирине 200 миң сомго чейин берүү пландалууда. Акматова белгилегендей, дарыгерлер тууралуу маалымат бүт республика боюнча чогулду. Медицина кызматкери иш учурунда коронавирус жуктургандыгын тастыктоочу документтер талап кылынган. Акыркы чечим бүгүн кабыл алынат.