Кыргызстанда маданият жана искусство тармагында 7,5 миңден ашуун адам эмгектенет

Кыргызстанда маданият жана искусство тармагында 7,5 миңден ашуун адам эмгектенет.

Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Мекеме өлкөдө 6 концерттик уюм, 19 профессионалдык театр жана 47 кинотеатр бар экенин белгилейт.

Мындан тышкары республикада 60тан ашык музей бар, аларда 330 миңге жакын экспонат коюлган.

Ошондой эле 47 сейил бак болсо, анын 16сы Бишкек шаарында жайгашкан.