Кыргызстан боюнча театрлар качан иштеп баштайт азырынча белгисиз

Кыргызстан боюнча театрлар качан иштеп баштайт азырынча белгисиз.

Бул тууралуу Республикалык штабдан novosti.kgге билдиришти. Андан такташкандай,

Маданият жана маалымат министрлиги 20-сентябрдан тартып маданият үйлөрүн

көрүүчүлөргө ачуу боюнча сунуш даярдап жатат. Анда адамдардын массалык чогулуусун

эске алуу менен атайын талаптар иштелип чыгат. Чечим эпидемиологиялык абалга байланыштуу болот.

Белгилеп кетсек, учурда ордо калаа театрларындагы спектаклдерди сайт аркылуу онлайн форматында көрсө болот.