Ноокенде 57 жыл мурун курулган маданият үйү оңдолууда. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы маданият үйүн оңдоо иштери 80 пайызга аяктап калды.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, имарат 2008-жылдан бери кароосуз калып, массалык иш-чаралар өтпөй жаткан.
224 орундуу бул жайга 2021-жылы жергиликтүү бюджеттен 7,5 миллион сом бөлүнүп, ремонт иштери башталган.