Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, пенсиялык реформа аяктап, жол картасы иштелип чыкты.

Учурда документтер ведомстволор тарабынан макулдашылып жатат.

Пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле калат, — деди чиновник.

Эске салсак, Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат.

Кошумчаласак, буга чейин Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын жогорулатууну сунуштаган.

Өкмөттүн бул демилгеси коомдо бир топ нааразылыктар менен коштолгон.