Кыргызстанда аптаптуу ысык 28-июлга чейин созулат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында 26-28-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталарын эскертет.
Ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн тынбай сугаруу сунуш кылынат.