Кыргызстанда акысыз паспортторду берүү кампаниясы уланууда

Кыргызстанда акысыз паспортторду берүү кампаниясы уланууда.

Бул тууралуу novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ар категориядагы 29 жаранга акысыз жеке документтер тапшырылды.

Жарандардын тизмеси саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү, билим берүү жана

коргоо министрликтери аркылуу түзүлүп, каттоо кызматына берилет. Ага 5 категориядагы,

тагыраагы мамлекеттин карамагындагы социалдык мекемелерде жашаган жарандар кирет.

Кошумчаласак, улуттук кампания 31-августка чейин уланат.