Күзгү-кышкы сезондо калк электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздалат

Күзгү-кышкы сезондо калк электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздалат.

Буга премьер-министри Кубатбек Боронов убада берди. Анын айтымында,

бул маселени өкмөт катуу көзөмөлгө алат. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү

аз болгонуна карабастан, жарык менен камсыз кылууда маселе болбойт.

Учурда көмүр ташып келүү боюнча тендер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлууда.

Мындан тышкары аймактар үчүн да келишимдер даярдалууда.