Вакцина ала турган түйүндөрдү табуу мурдагыдан дагы жеткиликтүү болуп калды

Вакцина ала турган түйүндөрдү табуу мурдагыдан дагы жеткиликтүү болуп калды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, эмдөө жайлары

«2ГИС» тиркемесине киргизилди. Анын жардамы менен жарандар эмдөө

пункттарынын дарегин, иштөө графигин жана байланыш номерин билсе болот.

Тиркеме ошондой эле жакын жерде жайгашкан эмдөө пунктуна чейинки жолду көрсөтүп берет.