Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу пландалууда

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу пландалууда. Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды. Документте ун, нан, сүт, май, эт, кумшекер, көмүр жана бензин көрсөтүлгөн.

 

Эгер бул азыктардын баасы бир айда 20 пайыздан ашык кымбаттаса, Экономика министрлиги бааны туруктуу сактоо үчүн сунуштарды киргизиши керек болот.