Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын августунан бери бизнес тармагына 622 миллион сомго айыптар, туум жана салык санкцияларын чийип салды

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын августунан бери бизнес тармагына 622 миллион сомго айыптар, туум жана салык санкцияларын чийип салды. Жалпысынан тизмеде 9,5 миң субъект бар.

 

Эске салсак, мындай мүмкүнчүлүк ушул жылдын 1-июлуна чейин салык жана камсыздандыруу төлөмдөр боюнча карыздарын жапкан ишкерлерге берилди.

 

Ал эми 31-декабрга чейин төлөмдөрдүн негизги суммасын жапкан салыкчыларга 50 пайызга туум жана айыптар чийилет.