Өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү

Өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү, элдин тынчсыздануусуна негиз жок.

Бул тууралуу вице-премьер министр Эркин Асрандиев билдирет.

Анын айтымында, учурда базарларда, соода түйүндөрүндө мониторинг

жүргүзүлүп жатат. Чийки заттардын жана фурнитуралардын запастарын

өндүрүүчүлөр эсептешүүдө. Ал эми жеңил өнөр жай тармагындагы

чийки сырьё эки айга жетет. Товарлар Кытайдан ташылып келчү.

Вирус чыккандыгына байланыштуу көпчүлүк заводдор ишин токтоткон.

Бирок учурда заводдордун жана фабрикалардын басымдуу бөлүгү

ишин жандантып, жакынкы арада алар өз продукцияларын

экспортко чыгара баштайт, — деди Асрандиев.