Бүгүн Бишкекте кинотеатрлар ачылат

Бүгүн Бишкекте кинотеатрлар ачылат.

24 агенттиги билдиргендей, кино үйлөрүнүн кызматкерлери ачылууга даярдык көрүштү.

Алгач дээрлик бардык кинотеатрларда ата-мекендик тасмалар сатыкка чыгат.

Андан кийин кезеги менен дүйнөлүк тасмалардын жаңы репертуарлары жана

премьералары чоң экрандарга кайтып келет. Муну менен катар ар бир көрүүчүгө талап бар,

алсак, залга кирүүдө беткапчан болушу шарт, адамдар отургучтарга аралыкты сактоо менен жайгаштырылат.

Анын ортосунда фудкорттор жана супермаркеттер да кадимки иш тартибине өтөт.