Кыргызстанда суук түшкөндө электр энергиясына кайрадан чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда суук түшкөндө электр энергиясына кайрадан чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин отун-энергетикалык комплекси боюнча комитеттин отурумунда жарыялады.

 

Анын айтымында, мындай чара Бишкек ЖЭБине жетиштүү көлөмдөгү көмүр алынбай калса киргизилет.

 

Ведомство башчысы кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Токтогул сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 600 миллион кубометрге жетти. Бул республикага жазга чейин гана жетет.