Кыргыз тилдүү мектептерине 9-класс үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча окуу китептери түштү

Кыргыз тилдүү мектептерине 9-класс үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча окуу китептери түштү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 120 миң даана окуу куралы басылып чыгат.

 

Анын 72,5 миңден ашыгы кыргыз тилинде чыгып, мектептерге таратылып жатат. Башка тилдердеги китептер учурда басмаканада. Жакынкы арада алар дагы мектептерге таратылат.