Кыргызстан бул жылы электр энергияны коңшу мамлекеттерге экспорттобойт

Суунун аз келүү мезгили болгондуктан,  Кыргызстан бул жылы электр энергияны коңшу мамлекеттерге экспорттобойт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров жарыялады.

 

Анын айтымында, быйыл республика өзү электр энергиясын башка өлкөлөрдөн сатып алууга аргасыз. Импорт кайсы мамлекеттерден келе турганы азырынча белгисиз. Учурга карата бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, — деди Назаров.