Кыргызстанда “Түндүк”, “Инфо-Система”, «Соцсервис», «Транском» ишканалары жоюлду

Кыргызстанда мурдагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Түндүк”, “Инфо-Система”, «Соцсервис» жана «Транском» ишканалары жоюлуп, алардын милдети “Инфоком” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук кеңешчиси, “Түндүк” ишканасы жоюлганга чейин анын директорунун орун басары болуп турган Азамат Буржуев “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, санариптик кызматтарды аткарган беш ишкананын бирөө — «Укук» мекемеси сакталып калды жана башкаруу Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

 

Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары “Түндүк” мамлекеттик ишканасы жоюлуп кеткенин жазып жатышкан. IT тармагындагы адистердин бири Чолпонбек Эсенбек уулу “көп эмгек жумшалып, эң жакшы жыйынтык көрсөтүп жаткан мекемени жоюп салса боло береби?” деп суроо салган.

Мурда “Түндүк” мамлекеттик ишканасына караган tunduk.gov.kg сайтында ишкана кайрадан башка мекемелерге биригип жатканына байланыштуу жабылганы жазылып турат. Маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылууну сунушталат.

 

12-13-октябрда жаңыланган Министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кирбей калган. “Азаттык” аталган мекеменин басма сөз кызматына байланышкан учурда алар азыр кайсы министрликке кошулары али чечиле электигин кабарлашкан. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайрадан комитет болуп түзүлүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кошулушу мүмкүн.

Кыргыз бийлигинин мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүү аракети 2017-жылы башталган. 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы”, 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыяланган.

 

Ошонун алкагында былтыр “Түндүк” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, “Түндүк” тутумуна ондогон мамлекеттик органдын кызматтары туташтырылары айтылган. Акыркы маалыматтарга ылайык, “Түндүк” тутумуна 170тей мамлекеттик жана жеке ишканалар туташтырылган.

 

Быйыл апрелде, ошол учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен “Түндүк”, “Инфо-Система”, «Соцсервис», «Транском» жана «Укук» деп аталган ишканалардын директорлору кызматтан бошотулганы маалымдалган. Мунун максаты ирилештирүү экени айтылган эле.