Бишкектеги “Бугу-Эне-Багыш” конушуна электроэнергия жана таза суу тартылды

Бишкектеги “Бугу-Эне-Багыш” конушуна электроэнергия жана таза суу тартылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан 3 чакырымга жеткен линия өткөрүлүп,

аларды кармап турган 100 түркүк орнотулду. Бул максатта калаа бюджетинен

5 миллион сом багытталды. Андан тышкары, 219 метр тереңдиктен скважина казылды.

Суу фильтри жана скважинанын ишине контейнер орнотулду. Муну менен конуштун

тургундары таза суу менен камсыздылды. Андан тышкары, аймактагы жүргүнчүлөрдүн

ынгайы үчүн №120 маршруттук такси каттамга кое берилди.

Конуштун башкы жолдоруна кум-шагыл төшөлдү.