Бала бакчаларга электрондук кезекте 30 миңден ашык бала турат

Бала бакчаларга электрондук кезекте 30 миңден ашык бала турат.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат

бөлүмүнүн башчысы Расул Маматов билдирди. Мектепке чейинки

даярдоо мекемесине электрондук система ишке киргенден тарта 40 миңден ашык бала кабыл алынган.

Учурда мындай система Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда иштейт.

Кийинки жылдан тарта ал өлкөнүн бар катар шаарларында иштей баштайт, — деди Маматов.