Ошто жаңы спорткомплекс колдонууга берилди

Ошто жаңы спорткомплекс колдонууга берилди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анда 2 машыгуу залы, жуунучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. Спорт комплекстин короосунда да волейбол аянтчасы бар.

 

Андан тышкары, кичинекей балдар ойноочу аянтча да курулду. Спорткомплексти курууга каражатты Иран мамлекети бөлүп берген.