Кыргызстанда товарлардын жана кызматтардын баасы сом менен гана көрсөтүлүшү керек.
Бул тууралуу Экономика министрлиги эскертет. Ведомстводон белгилешкендей, сом менен көрсөтүлгөн баалар жок болсо, физикалык жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
Андан тышкары, эгер керектөөчүдөн улуттук валютаны кабыл алышпаса, анда экинчи тарап 3 миңден 13 миң сомго чейинки айыпка жыгылат.