Баткенде жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет

Баткенде жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми оңдоого мүмкүн болбой калган үйлөр бекер курулуп берилет.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан Баткен менен Лейлек райондорунда 78 турак-жай, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн жарактан чыккан.