Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондоруна карантин киргизилди.
Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, карантиндик чектөөлөр 2 жума күчүндө болот.
Андыктан, райондук штабдын чечимдери менен той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана
жума намазга барууга тыюу салынды. Бирок, азык-түлүк базарлары, дарыканалар,
банктар штаттык режимде иштеп жатат. Такси кызматтарына
санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.