Кыргызстанда Унаа тейлөө борборлору пайда болот

Кыргызстанда Унаа тейлөө борборлору пайда болот.

Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Анда айдоочулук күбөлүк, унааны каттоо жана кайрадан каттоо кызматтары

тез арада жеткиликтүү болот. Планга ылайык ушул жылы Бишкекте эки

Унаа тейлөө борборлору ачылат. Андан кийин бүт өлкөгө жайылат.

Бул багытта учурдагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аталышы

өзгөртүлмөкчү. Мындан тышкары, Бишкекте 2 жыл аралыгында

айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууга

заманбап автодром менен Унаа тейлөө борбору ачылат.