Оренбург облусунан Бишкекке 448 кыргызстандык жолго чыкты

Оренбург облусунан Бишкекке 448 кыргызстандык жолго чыкты.

Автобустар Россия-казак чек арасынан өттү, — дешти Тышкы иштер министрлигинен.

Мекендештер казакстандын жол полициясынын коштоосунда кыргызстанды карай келе жатышат.

Ведомстводон белгилешкендей, Казакстан аймагы аркылуу өтүүгө транзиттик коридор ачты.

Бул маселе эки өлкө башчыларынын ортосунда жетишилди.