Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен темир заводу ишин жандандырды

Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен темир заводу ишин жандандырды.

«Азаттыкка» ишканадан билдиришкендей, былтыр ачылган завод суук түшкөндө ишин убактылуу токтоткон.

Ишканада темир эритилип, тетиктердин үч түрү чыгарылат. Өндүрүш алгач жергиликтүү базарларда сатылат,

калганы Өзбекстанга экспорттолот. Ишканага кытайлык компания  114 миллион сом инвестиция жумшаган.

Анда 80 адам жумуш орду менен камсыз. Алардын 50сү жергиликтүү тургундар болсо, калганы кытай жарандары.

Долбоор боюнча ишкана толук иштеп баштаса 150гө жакын адам жумушка тартылат.