Кыргызстанда дагы 1 миң 37 адам коронавирустан айыкты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 593, Ошто 137, Чүйдө 117, Таласта 6, Нарында 10, Ысык-Көлдө 32, Жалал-Абадда 83, Баткенде 59 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 120 миң 731 адам коронавирусту жеңди.