Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы пайда болот

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы пайда болот.

 

Аны Улуттук банк кийинки жылдын күзүндө ишке киргизүү ниетинде. Кыргызстандыктар ыкчам төлөм системасы менен банк эсептериндеги акчаны бирдиктүү индикатор менен которо алат.

 

Башкача айтканда, системага кошулган банктардын ортосунда каражатты эч тоскоолдуксуз которууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кийинчирээк өлкөнүн башкы каржы мекемеси Кыргызстандын бардык банктарын ыкчам төлөм системасына кошууну пландап жатат.